• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри Гүлнара Баатырова Жайыл жатак-үйүнүн абалын текшерди

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин кыш мезгилине карата абалы менен таанышты.

Жылытуу системасынын электр казандары, тамак-аш блогунун жана мончо-кир жуугуч комплексинин иштеши текшерилди. Ошондой эле кызмат алуучулардын жашоо шарттары менен таанышты. Мекемеге барган учурда видеокөзөмөл системасы орнотулуп жаткан. Министр бюджеттен тышкаркы каражаттын эсебинен курулган жаңы корпустун сапатын текшерди. 2024-жылдын жазында бул имаратка оор диагноздору бар кызмат алуучулар көчүрүлөт.

Министрдин айтымында, учурда Министрликттин карамагындагы интернаттарда 2,4 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар чоңдор жана балдар жашайт.

Мекеменин директору учурда жаңы имаратты эмерек жана жабдуулар менен камсыздоо үчүн демөөрчүлөрдү тартуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Мамлекет жыл сайын майыптыгы бар адамдарга көбүрөөк көңүл бурууга умтулууда. Интернаттарда тамактанууга бөлүнүүчү жөлөкпулдардын жана каражаттардын өлчөмү көбөйүүдө, "Жеке ассистент" кызматына төлөөнүн өлчөмү өсүүдө. "Келечек" мамлекеттик реабилитациялык борбору ачылып, мамлекеттик социалдык заказ аркылуу көбүрөөк кызматтар көрсөтүлүүдө", - деди Гүлнара Баатырова.

Министр интернаттын 249 кызмат алуучусун келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылдык белектерин тапшырды. Мекеменин жетекчилиги коомдук кеңешчи Назгүл Насиеванын колдоосу менен майрамдык концерт уюштурду.

Маалымат үчүн: Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан. Мекеме 1947-жылы карылар үйүнүн базасында түзүлгөн. 1994-жылы 4 кабаттуу, 200 орундуу корпус, ашкана, откана, мончо, кир жуучу жай, кампа жайлары кирген жаңы комплекси эксплуатацияга киргизилген. Мекеме-бул нейропсихиатриялык диагнозу бар аялдар үчүн туруктуу же убактылуу кам көрүү жана медициналык жардамга муктаж болгон социалдык мекеме болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий