• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сосновка жана Арал постторундагы жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Ош – Бишкек жолундагы Арал жана Сосновка постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөөлөр алынганды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда, 12-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгонуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районундагы Сосновка жана Токтогул районундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий