• 88.68
  • 95
  • 0.95

21-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек,16.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 17-марттан 21-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

17-21-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

17-мартта түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз жана 21-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-21-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

17-мартта түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт.

17-мартта күндүз, 18-19-марттарда жана 20-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-мартта күндүз жаан жаашы мүмкүн.

21-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

17-21-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

17-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-мартта түнкүсүн Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

18-мартта күндүз жана 19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-мартта түнкүсүн Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облосунда жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз жана 21-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-21-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

17-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

18-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

18-мартта күндүз, 19-20-марттарда жана 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз жана 21-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-21-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

17-мартта жана 18-мартта түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

18-мартта күндүз жана 19-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-мартта 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-21-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

17-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

18-мартта күндүз жана 19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-мартта жана 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз жана 21-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий