• 88.68
  • 95
  • 0.95

1-апрелден баштап кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” бекети иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. 1-апрелден баштап кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү бекети иштей баштады. Бул тууралуу “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү бекетинин ачылышында КРнын премьер-министри Улукбек Марипов билдирди.

Ал өткөрүү бекеттери туристтерди өткөрүү үчүн ачылып жатканын белгиледи.

“Туристтик тармакта инвестициянын көлөмү 30 млрд сомго чейин жетет. Дээрлик 8,5 млн адам чек арадан өтөт. Анын ичинде туристтердин саны 2 млн адамды түзөт. Албетте, алардын көпчүлүгү Ысык-Көлгө эс алууга келген казакстандык жарандар”, - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы бүгүнкү күндө боордош өлкө менен туризм жаатындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий