• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто түнкү клуб жана оюн-зоок мекемелеринде жүргөн өспүрүмдөргө карата рейд жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, ИИМдин Ош шаарындагы башкармалыгынын кызматкерлери, социалдык органдардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистери менен биргеликте “Кароосуз калгандар” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар баштады.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 15-марттан 17-мартка чейинки иш-чарада шаар аймагындагы түнкү клубдар, оюн-зоок мекемелери текшерилип, жашы жете элек балдар аныкталса үй-бүлөсүнө же туугандарына кайтарылып берилет.

Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын маалыматы боюнча, иш-чаралардын негизги максаты ата-энесинин камкордугу жок калган балдарды же кароосуз калган балдарды аныктоо, алардын андан аркы социалдашуусун колдоо болуп саналат.

Рейддин жүрүшүндө 20дан ашык оюн жайлары, кальян барлары текшерилип, кароосуз калган жер төлөлөр менен чатырлар, жылуулук трассалары менен гараждардын бөлүктөрү текшерилип, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды аныкташты.

Анда 20 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталды, алар Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилди.

Мындан тышкары, өспүрүмдөргө жана ата-энелерге түнкүсүн ата-энелердин же туугандардын коштоосуз коомдук жайларда балдар жүрбөш керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий