• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облустук ооруканасынын стерилизация бөлүмү, медкалдыктарды зыянсыздандыруу пункту оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын стерилизация бөлүмүндө жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пунктунда оңдоо иштери аяктады.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, оңдоо иштери Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү

Учурда ички жасалгалоо иштери аяктады, анын ичинде терезелер жана эшиктер алмаштырылды. Медициналык аспаптарды стерилизациялоодо жана медициналык калдыктарды зыянсыздандырууда абаны натыйжалуу желдетүү үчүн жаңы желдетүү системасы орнотулду. Канализация жана суу түтүктөрү, жылытуу батареялары, сантүйүндөрү алмаштырылды. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы орнотулду.

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев билдиргендей, оорукана ишке киргенден бери стерилизация бөлүмү жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пункту биринчи жолу ушундай сапаттуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында биз пунктубузду керектүү нерселердин баары менен жабдып алдык. Бүгүнкү күндө ал бардык санитардык талаптарга жооп берет, бул медицина кызматкерлеринин ишинин жана калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатат", - деди ал.

Долбоордун максаты - КР өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий