• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокен райондук милициясында «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. 23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата Ноокен РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын 1-кварталга түзүлгөн иш планынын алкагында окуучуларга «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө, коргоого чакыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга ички иштер органдарынын негизги милдеттери жана структурасы түшүндүрүлүп, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнүн жумушу, кандай жабдыктар менен камсыздалганы, атуулдардан түшкөн арыздар кантип, кайсыл жерде катталары тааныштырылды.

Андан соӊ окуучуларга жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, жорук жана тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн функционалдык милдеттери айтылып, иштөө процесси көрсөтүлдү. Ошондой эле жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыш жана жоруктар үчүн каралган жоопкерчиликтин түшүндүрмөлөрү берилди.

Акциянын акырында мектеп окуучулары милиция кызматкерлерине ыраазычылык айтышып, өздөрүнө көптөгөн керектүү маалыматтарды алышкандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий