• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттин басма сөз катчысы: "Манас" айылы дээрлик үч эсе кеңейет

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. “Манас айылы” этнографиялык комплекси реконструкциялоо иштеринен кийин дээрлик үч эсе кеңейет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"“Манас айылы” эми көркүнө чыгат. Аянты азыркыдан дээрлик үч эсе кеңейет! Бишкектин тургундары менен меймандарынын эң бир сүйүктүү, эң көп барган жери болот деп ишенем. Долбоорду президент Жапаров кубаттап, аны ишке ашырууну тездетүү тапшырмасын берди.

Буюрса, “Манас айылы” улуттук колориттеги жалпы кыргыз эли сыймыктанган комплекс болот", - деп жазган Султанбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн президент “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты.

Маалым болгондой, долбоордо “Манас айылы” комплексин реконструкциялоо анын аймагын 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүүнү карайт. Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башкаларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган 3 кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Ошондой эле, комплекстин аймагына “Манас” театры менен Манас музейин жайгаштыруу пландалууда.

Мындан тышкары, долбоордун идеяларынын бирине ылайык, комплекстин конокторуна улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этно-маданий иш-чараларды өткөрө алышат.

Пикир

Оставить комментарий