• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон 11 жаштагы Никита Касымов изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 11 жаштагы Никита Касымов изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ленин райондук милициясына 18-ноябрда П.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнүн 11 жаштагы Никита Касымов аттуу баласын табууга жардам берүүнү суранган. Касымов 10-ноябрда саат 10:00дөр чамасында Репина көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайра үйүнө кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң.

Кийими: кара шым, жашыл куртка, желим көлөч.

Өзгөчө белгилери: мурдунда калы бар жана бети сепкил.

“Никита Касымовдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0(553) 102-465, 0(500) 032-000, 0(703) 401-600, 0(551)102-326, 0(553)102-880, 0(558) 560-760 номерлерине жана “102” кызматына кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий