• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн экскурсиялык троллейбус уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгы №61 Якир атындагы автордук физика-математика мектеп-лицейи менен биргеликте 2-класстын окуучулары үчүн экскурсиялык троллейбуста калаанын борбордук көчөлөрүнө саякат уюштурду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, экскурсия учурунда ишкананын диспетчердик кызматынын башчысы Татьяна Можайцева жаш балдарга жол кыймылынын эрежелери, жолдон коопсуз өтүү, коомдук транспортто өзүн кандай алып жүрүү керектиги тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, мектеп окуучуларына Бишкек шаарынын тарыхы, шаардын кооз жерлери, троллейбус багытында жайгашкан көчөлөрдүн аттары тууралуу көптөгөн жаңы нерселерди айтып берүү менен бирге жаш жүргүнчүлөр менен транспортко байланыштуу тарбиялык оюндар өткөрүлдү.

Экскурсиянын соңунда балдар борбордук «Ала-Тоо» аянтына барып, троллейбустун жүрүшүнөн алган таасирлери менен бөлүшүп, сүйүктүү Бишкек шаардын гүлдөп-өсүшүнүн урматына желим-шарларды асманга учурушту.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар балдарга коомдук транспортто коопсуз жүрүү эрежелерин түшүндүрүү максатында жүргүзүлүүдө.

Мындай экскурсия буга чейин үстүбүздөгү жылдын 31-августундагы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата уюштурулган. Андан кийин биздин башкармалыка шаар тургундарынан көптөгөн оң пикирлер айтылып, бул багыттагы иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу өтүнүчү айтылган.

Пикир

Оставить комментарий