• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-ноябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында газ жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. 12нен 15-ноябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында газ жок болот, - деп билдирет "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат:

- 12-13-ноябрда Бишкек шаарынын Ленский, Лазо, Фучик көчөлөрүндө;

- 13-14-ноябрда Бишкек шаарынын Шукуров, Жантөшев, Карадарьинский, Ясенский көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

-14-15-ноябрда Аламедин айылынын Гидрокурулуш, Чапаев, Набережный, Аламедин д. көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.

“Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашкандай, оңдоо иштери калкты жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий