• 88.68
  • 95
  • 0.95

2024-жылы Кочкор районунда 520 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. Кабар/. 2024-жылы Кочкор РЭТнин тейлөөсүндөгү 10/0,4 кВ 577 даана көмөк чордондун 520сын техникалык тейлөөдөн, 36сын накталап оңдоодон өткөрүү пландалган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 110/10 кВ "Кочкор" көмөк чордонунда учурдагы оңдоодон өткөрүп, май алмаштыруу, фазировкаларды жаңыртуу иштери аткарылууда.

Ал эми жалпы 10/0,4 кВ 1243 чакырым аба чубалгысынан 1151 чакырымы техникалык тейлөөдөн жана 47,2 чакырым аба чубалгысы накталап оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Мындан тышкары, Кочкор районундагы 110/35/10 кВ жогорку чыңалуудагы 41 көмөк чордондорду капиталдык оңдоодон, анын ичинде 129 жабдуу жана 56 көмөк чордондорду, 2266 жабдууну учурдагы оңдоодон өткөрүү иштери каралган.

Бүгүнкү күндө Кочкор РЭТи кардарларга 1 фазалуу – 6813 даана, 3 фазалуу – 641 даана "акылдуу эсептегич" орнотуп берди.

Пикир

Оставить комментарий