• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Saehan компаниясынын президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Кечээ, 28-апрелде Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын алдыңкы Saehan заводуна барып, компаниянын президенти Чул Хван Ким менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Кыргызстандын экспорттук жана инвестициялык потенциалына токтолуп, өлкөгө алдыңкы технологияларды тартууга басым жасоону сунуштады. Ал ошондой эле кореялык компаниялар ВСП+ алкагында Европа өлкөлөрүнө жана 180 млн рыногу бар ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар өндүрүү жана экспорттоо боюнча кыргыз компаниялары менен биргелешкен ишканаларды түзө аларын баса белгиледи.

Президент Чул-хван Ким компания чоңдор жана балдар үчүн жалаяктарды чыгарууда чоң тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Ал белгилегендей, ишкана продукция чыгаруудан тышкары балдардын жалаягын чыгаруучу жабдууларды өндүрүү менен да алектенет. Ал кыргыз тараптын сунуштарын дыкат карап чыга тургандыгына ишендирди.

Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш менен таанышуу болуп, заводго кыргызстандык жумушчуларды алуу боюнча келишим түзүлдү.

Маалымат үчүн: Saehan 1987-жылдан бери иштейт. Заводдо суткасына 3 млн даанага жакын продукция чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий