• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы “Гроздь” жаңы көрүстөнүн ачты

Коом 0

Бишкек, 08.09.17. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Арык айылында жаңы көрүстөн иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Бишкек вице-мэри Эркинбек Исаков, Бишкек ритуалдык кызматтар агенттигинин башчысы Руслан Бочиев, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана башкалар катышышты.

Бул объект Түштүк-батыш көрүстөндүн толуп калышына байланыштуу ачылган.

Бул жер диний таандыгына байланыштуу бир канча бөлүккө бөлүнгөн. Жалпы аянты 44 га.

Маалымдама: Түштүк-батыш көрүстөн 1973-жылы ачылган. Башында 69 гектар жерди ээлесе, бүгүн мүрзөлөр 300 гектардан ашык аянтты ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий