• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы коррупциялык фактылар боюнча маалымат берүүнү суранат

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык системада иштеген кызматкерлердин коррупциялык аракеттери тууралуу маалымат берүүнү суранат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, мэрия Коопсуздук кеңеши менен биргеликте коррупциялык тобокелчилик көрүнүштөрүнүн тизмесин иштеп чыккан жана бекиткен. Учурда Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобу Муниципалдык менчик башкармалыгында жана Жер ресурстары башкармалыгындагы коррупциялык тобокелдиктерге жана схемаларга анализ жүргүзүштү. Жыйынтыгында коррупциялык тобокелдиктерди алуу боюнча деталдуу план иштелип чыккан.

Ошондой эле, азыр айрым муниципалдык ишканаларда аудиттик текшерүү жүргүзүлүүдө. Жыйынтыктары боюнча сөзсүз маалымат берилет. Жакын арада башка структуралык бөлүмдөрдө да ушундай текшерүүлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жана анализ уланууда.

"Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз коррупциялык фактыларга күбө болсоңуз, муниципалитеттин колл-борборуна фото жана видео фактыларды жөнөтүүнү суранабыз: 0554 182-185 же 1840 жана 1850 номурларына чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий