• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы онлайн аукцион аркылуу 14 объектти ижарага берди

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы соода аянттарын ижарага берүү боюнча муниципалдык мүлк башкармалыгынын биринчи электрондук аукционун өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, алгачкы 38 объект https://etp.okmot.kg/ электрондук соода платформасына жайгаштырылган. Объектилердин катарында төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары, төлөм терминалдары, кичи футбол аянтчалары жана башка жайлар бар болгон.

Онлайн аукцион аркылуу шаардыктарга баштапкы суммасы 100 миң 125 сомдон башталган 14 объект берилген. Конкурстун жыйынтыгында келишимдин суммасы 150 миң 550 сомго жетти.

Калган 24 объект кайрадан өткөрүлүүчү аукционго коюлат.

"Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Биз сиздерди онлайн-аукциондорго катышууга чакырабыз, сиздер мүлктү сөзсүз коррупциялык тобокелдиксиз ижарага ала аласыздар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жер реформасынын алкагында жерди, муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так регламенттелген, ал бардык процедураларды ачык жана адилеттүү кылууга, ошондой эле шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий