• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы Республикалык угуусу начар балдардын жатак мектебине колдоо көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери өзгөчө балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, аппараттын кызматкерлери Бишкектеги №21 Республикалык угуусу начар жана керең балдардын атайын жана жатак мектебине колдоо көрсөттү.

Мекеменин суранычы боюнча ашкана идиштеринин комплекттери, самын, жуучу каражаттар, мөмө-жемиштер жана таттуулар сатылып алынып, тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул жерде 319 бала билим алса, алардын 180и туруктуу жашайт.

Эскерте кетсек, муниципалитеттин кызматкерлери кайрымдуулук үчүн жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий