• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон жаран табылды – милиция

Коом 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Чүй облусунда мурда дайынсыз болуп жаткан эркек табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февралда 1965-жылы туулган Жийдегүл Ниязалиева кайрылып, баласы 1989-жылы туулган Медербек Курманакуновду табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал 9-февралда саат 21:00дөр чамасында Жаңы-Жол айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

Аталган факт Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө катталган.

Кечээ, 2-мартта изделип жаткан жаран Бишкек шаарынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий