• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан борборду өнүктүрүү боюнча сунуштарды күтөт

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Өткөн эс алуу күндөрү Бишкек шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча жалпы шаардык коомдук угуулар болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз-түрк “Манас” университетинде өтүп, ага шаар тургундары, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, депутаттары, вице-мэрлер жана мэриянын кызматкерлери катышты.

Шаар тургундары салык төлөөчүлөрдүн акчаларын бөлүштүрүү жана пландоо боюнча өз ойлорун билдиришкен. Ар бир айтылган сунушту эске алуу менен шаардык мэриянын планына өзгөртүүлөр киргизилген.

Негизинен тургундар инфраструктураны (жол салуу, канализация куруу, жаңы конуштарга суу чыгаруу, көчөдөгү жарыктарды оңдоп-түзөө ж.б.) өнүктүрүүгө бөлүнгөн бюджетти көбөйтүүнү суранышкан.

“Башкы финансылык документ кабыл алынарда БШКнын депутаттары тарабынан ар бир айтылган сунуш эске алынат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия шаарды өнүктүрүү боюнча идея, план жана сунуштарды шаардык кеңештин депутаттарына bishkek.gorkenesh@gmail.com дареги боюнча жиберүүнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий