• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы: “Ынтымак 2” сейил багында үй эмес, жаңы скейт-парк курулууда

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы “Ынтымак 2” сейил багындагы курулуш иштерине тынчсызданбоону өтүнөт, ал жакта социалдык тармактарда айтылып жаткандай үй эмес, шаардыктар үчүн скейт-парк курулуп жатат.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти “Ынтымак” паркынын аймагындагы жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берген.

“1 гектарга жакын жер тилкеси “Ю-Ти-Ай Глобал” ЖЧКсынын жеке менчигинде болгон. Эми инвесторлордун колдоосу менен бул жерде скейт жана паркур сүйүүчүлөрү үчүн атайын аймактар пайда болот. Мындай парк Борбор Азияда биринчи жолу курулат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий