• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясында кызматкерлер үчүн мамтил боюнча окуу курстар жана семинарлар уланууда

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бардык муниципалдык кызматчылары үчүн окуу семинарларды өткөрүүнү улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинар Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек троллейбус башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын, Биринчи май, Октябрь, Ленин, Свердлов райондорунун МАБдарынын, билим берүү башкармалыгынын, “Бишкек жашыл чарба” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине өткөрүлдү.

Ошондой эле “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы орус тилдүү кызматкерлер үчүн жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бардык муниципалдык кызматчылар үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” темасында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн 3 айлык окуу курстары өтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий