• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгынан бирөө каза болуп, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, "Мерседес-Бенц Гигант" үлгүсүндөгү унаасы менен "Лексус RX350" унаалары кагышып, жол кырсыгынан экинчи унаанын айдоочусу каза болуп, дагы 3 киши жабыркаган.

Куткаруу ишине 154-чакырымда нөөмөттө турган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары тартылып, жеринде иш алып барышкан.

Пикир

Оставить комментарий