• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 2020-жылдын 6-июль күнү саат 15:54тө Масалиев көчөсүндө Ивеко оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жабыркаган жана каза болгондор жок.

Жерине келген куткаруучулар оодарылып кеткен унааны чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий