• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү алдында 2 унаа калды

Кырсык 0

Бишкек, 27.12.17./Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкү түштү,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кар алдында эки унаа калган. Андан сырткары, дагы бир унааны кар көчкү жолдун жээгине түртүп салган. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Кар алдында калган унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү башка унаага салышкан. Окуя болгон жерге кар тазалоочу унаалар тартылды. Кырдаал көзөмөлдөнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий