• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаардык драма театры эл аралык фестивалда жеңүүчү аталды

Маданият 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры эл аралык фетвиалда жеңүүчү аталды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдргендей, Бишкек драма театры 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин Брест шаарында өткөн XXVI Эл аралык “Белая Вежа – 2022” театралдык фестивалында “Тарыхый эс тутумдун ишке ашырылышы” номинациясынын жеңүүчүсү болду.

Фестивалга дүйнөнүн 9 мамлекетинен: Армения, Беларусь, Болгария, Греция, Дания, Польша, Россия, Өзбекстандан драм, музыкалык, көчө жана куурчак театрлары катышты.

Фестивалдын программасына 24 театралдык жамааттын 28 спектакли кирди, актёрлор 7 тилде: беларусь, орус, армян, англис, поляк, болгар жана кыргыз тилдеринде ойношту.

"Белая Вежа" театр искусствосунун эл аралык фестивалы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет жана анын максаты – классикалык сахна салттарын өнүктүргөн жана заманбап каражаттарын издеген дүйнө жүзүндөгү улуттук театрлардын искусствосун көрсөтүү болуп саналат.

12-сентябрда Бишкек театры беларусиялык көрүүчүлөргө, фестивалдын конокторуна жана катышуучуларына Казакстандын Эл артисти, режиссеру Бекпулат Пармановдун Чыңгыз Айтматовдун романынын негизинде тартылган “Эсимде” чыгармасын тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий