• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенге жардам. Билим берүү тармагынын кызматкерлери 22,6 млн сом которду

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 20-сентябрга карата билим берүү тармагынын кызматкерлери тарабынан Баткенге жардам көрсөтүү үчүн 22 млн 640 миң сом которулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, билим берүү кызматкерлери башка кызматтар менен биргеликте эвакуацияланган калкты билим берүү уюмдарынын базасында турак жай жана тамак-аш менен камсыз кылууга көмөктөштү.

“Эвакуацияланган он миңдеген мекендештер бала бакчалардын, мектептердин, мектептердин спорт залдарынын, жатаканалардын имараттарында жайгаштырылды. 20-сентябрга карата билим берүү тармагынын кызматкерлери Баткенге жардам көрсөтүү үчүн президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 22 млн 640 миң сом акча которду. Ошондой эле гуманитардык жардам чогултулуп, жиберилди. Психологиялык жардам кɵрсɵтүү максатында психологдор кербени уюштурулуп, жогорку окуу жайдын 28 психологу Баткенге аттанышты”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий