• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте шаардык кызматтар көрктөндүрүү иштерин күчөттү

Коом 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Шаардык кызматтар борбор шаарды келе жаткан жазга карата көрктөндүрүү иштерин күчөтүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы шаардын ирригацияларын кол менен жана механикалык тазалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө.

"Тоголок Молдо, Раззаков көчөсү Түгөлбай ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Куттубаев, Каралаев, Исанов, 7-Апрель, Бөкөнбаев, Манас, Чүй көчөлөрүндө кол менен тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. “Бакай Ата” конушунда жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын башкы аянтындагы пресс-стенддерди жана темир тосмолорду жаңыртып жатышат. Буга чейин Кыргызстандын желеги илинген столдун темир тосмолору сырдалып, оңдолгон, Эркиндик бульварындагы пресс-стенддер жаңы айнек менен кылдаттык оңдолду.

Пикир

Оставить комментарий