• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл каттоо 2022. Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 977 миң адамды түздү

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Эл каттоонун натыйжаларын кайра иштетүүнүн биринчи этабынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстан элинин иш жүзүндөгү саны белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, эл жана турак жай фондун каттоо электрондук форматта эки этапта (2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин, алыскы аймактарда 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин) өткөрүлдү.

2022-жылдын июнунан августуна чейин Улутстатком тарабынан 2022-жылы Кыргызстандын эл жана турак жай фондун каттоонун маалыматтарын кайра иштетүүнүн биринчи этабы өткөрүлдү. Элдин иш менен камсыздалышына байланышкан эки маселе боюнча эл каттоо формаларындагы маалыматтарды электрондук форматта иштеп чыгуу үчүн кодировка жүргүзүлдү. Ошондой эле эл аралык сунуштарды эске алуу менен өлкөнүн жалпы элинин санын тактоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Азыркы учурда оңдоп-түзөө этабы жүргүзүлүп жатат, анын жүрүшүндө алынган маалыматтар логикалык каталарга карата текшерилет жана учурдагы демографиялык эсепке алуу маалыматтары (жынысы, жашы, аймактык бөлүнүшү ж.б.) менен салыштырылат. Бул этап үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аяктайт.

Кайра иштетүү этабы аяктагандан кийин 2023-2024-жылдардын ичинде 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун кыскача жыйынтыктарын, экономикалык активдүүлүк жана элдин иш менен камсыздалышын, ошондой эле республиканын аймактарынын бөлүнүшүндөгү маалыматтар, элдин миграциясына, элдин турак жай фондусуна жана жашоо шарттарына, республиканын үй-чарбаларынын жана үй-бүлөлөрүнүн курамын жана башкаларды мүнөздөөчү басылмалар басып чыгарылат.

Эл каттоонун маалыматтары демографиялык статистиканын негизги булагы болуп саналат, ал 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Эл каттоонун жыйынтыктары боюнча өлкөнүн туруктуу элинин саны 2009-жылдагы эл каттоого салыштырмалуу 13 жылдын ичинде 1,6 млн адамга көбөйдү жана орточо жылдык өсүү темпи 2,1%ды түздү.

Эл аралык сунуштамаларга ылайык, эл каттоонун ортосундагы мезгил ичинде, элдин санын эсептөө үчүн элди акыркы жолку каттоонун маалыматтар базасы жана демографиялык абалдарды (өлкөнүн аймактары боюнча төрөлүү, өлүм, келгендердин жана чыгып кеткендердин) учурдагы санын эсепке алуу маалыматтары колдонулат, алар жарандык абалдын актыларынын жазууларын жана элдин миграциясын эсепке алуу менен каттоо системасы аркылуу ай сайын берилип турат.

Үстүбүздөгү жылдын январынан июлуна чейинки мезгил ичинде элдин санынын эсеби 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын жана демографиялык абалдардын учурдагы эсепке алуунун ар айлык маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү. Ал эми 2022-жылдын августунан баштап элдин санын эсептөө 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде жүргүзүлүп жатат жана 2022-жылдын 1-августуна карата абалы боюнча 6 млн 977 миң адамды түздү.

Статистика жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык, кезектеги эл каттоону өткөрүүдөн кийин акыркы каттоо аралык мезгил ичинде элдин саны жана негизги демографиялык көрсөткүчтөр жөнүндө (мындан 10 жыл мурдагы) маалыматтардын ретроспективдүү кайра эсептөөсү жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий