• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Суроо-талапка ээ болгон кесиптерге кыска мөөнөттүү окутуу боюнча жаңы долбоор ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова суроо-талапка ээ болгон кесиптерге кыска мөөнөттүү окутуу боюнча жаңы долбооруна старт берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул долбоор Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосу менен ишке ашат.

Долбоордун максаты аз камсыз болгон жана толук эмес үй-бүлөлөргө, жумушсуз жаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кыска мөөнөттө талап кылынган кесиптерге ээ болууга жардам берүү.

"Долбоор ишке орноштуруу жаатында дагы бир эффективдүү механизм болуп калат. Жыл башынан бери активдүү чаралардын аркасында Министрлик жумушсуздардын санын 7,7%га кыскартууга жетишти, жумушсуздуктун жалпы деңгээли 0,4%га кыскарды. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан декабрь айына чейин 18,4 миң адам жумуштун ар кандай түрлөрү менен камтылган, 15,3 миң адам жумуш менен камсыз болгон”, - деп баса белгиледи Жылдыз Полотова.

Министрдин орун басары долбоор 12 жылга эсептелгенин, биринчи фазасы 2027-жылдын октябрында аяктай турганын жана кыска мөөнөттүү окууга 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катыша аларын билдирди.

Долбоордун бет ачарына мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий