• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Өзгөчө бөбөгүм”, “Аутизм менен жашоо” китептеринин бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Бишкек шаарында Бактыгүл Чыныбаеванын “Аутизм менен жашоо” жана Зейнеп Ибрагим кызынын “Өзгөчө бөбөгүм” аттуу китептеринин бет ачары өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, китеп аутизм жөнүндө материалдардын жыйнагы болуп саналат. Аутизми бар балдарга кандай мамиле кылуу керек экендиги, мындай балдар менен баарлашууну үйрөнүү үчүн ар бир адам эмнени билиши керектиги жазылган.

Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева коомдо өзгөчө балдарга туура мамиле кылуу боюнча түшүнүк жок экенин жана мындай китептин маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Дастан Бекешев, Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, коомдук ишмер Эмил Үмөт, Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова, журналисттер, автордун жакындары катышты.

Пикир

Оставить комментарий