• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Социалисттик Эмгектин Баатыры Төлөбек Аманбаев дүйнө салды — некролог

Коом 0

Бишкек, 28.12.23./Кабар/. 2023-жылдын 27-декабрында Социалисттик Эмгектин Баатыры Төлөбек Аманбаев 84 жашында дүйнө менен кош айтышты.

Төлөбек Аманбаев 1939-жылдын 2-сентябрында Талас облусунун Киров районуна караштуу Суулу-Маймак айылында малчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1958-жылы Грозный айылындагы орто мектептин 8-классын бүтүргөн.

1958-1975-жылдар аралыгында “Россия” колхозунда жардамчы чабан болуп эмгектенген. 1975-жылдан баштап ошол эле “Россия” колхозунда баш чабан болуп иштеп баштаган.

1977-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган. Партиянын Киров райондук комитетинин бюро мүчөсү, райондук депутат болгон. 1979-1989-жылдар аралыгында СССРдин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. 1980-жылы партиянын Талас облустук комитетинин бюро мүчөсү болгон.

Т. Аманбаев мал чарбасын өнүктүрүүдө жакшы ийгиликтерге жетишип, ар жүз тубар койдон 182ден төл, 5,5 кг жүн кыркып алган. Өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасап, жумушун тыкан жана ирети менен аткарган. Ошондой эле ал өлкөнүн коомдук иштерине да активдүү катышып, элдин чоӊ сыйына ээ болуп келген.

Т. Аманбаев жасаган эмгектери үчүн бир канча мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. 1968-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1971-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

1977-жылы күжүрмөн эмгеги бааланып, Ленин ордени тапшырылган. 1984-жылы Октябрь революциясы орденине татыктуу болгон. 1986-жылы экинчи жолу Ленин орденин алган. 1987-жылы “Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат” наамына татыган. 1991-жылы “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамына ээ болуп, алтын жылдызы ыйгарылган. Ал эми 1994-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Даңк” медалы берилген.

1995-жылы Т. Аманбаев “Баялы” асыл тукум кой чарбасын түптөп, азыркы учурга чейин эмгектенип келген.

Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгына зор салым кошкон улуу инсаныбыз Төлөбек Аманбаевдин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат!

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, С.Ш. Жээнбеков, Р.И. Отунбаева, А.Дж. Джумагулов, А.Т. Алымкулов, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, А.Н. Исанов, У.О. Ниязбеков, А.К. Бакетаев, А.Б. Баетов, Н.К. Дарданов, Д.А. Джумабеков, Р.Ш. Жакышов, Д.К. Исаева, Г.С. Молдобекова, М.М. Мураталиев, Б.К. Чойбеков, Э.Дж. Джумаев, Б.А. Сагынбаев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий