• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 28.13.23./Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Мамлекеттик сыйлыктарды президенттин колунан коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, курулуш жана башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн алышты.

"Узап бараткан жылда бир топ ийгиликтер жаралып, олуттуу окуяларга күбө болдук. Мына ошол жетишкендиктерге, албетте, ушул жерде отурган сыйлык ээлеринин бараандуу салымы бар деп эсептейм. “Эл ичи – өнөр кенчи” деп айтылган накыл кептегидей, эл арасынан эмне деген гана таланттуу адамдар чыкпайт. Аларды байкабай коюуга, же жараткан эмгегин баалабай коюуга мүмкүн эмес. Бүгүнкү иш-чарада олтурган жарандарыбыз, дал ошондой көптүн ичинен суурулуп, эмгеги менен элге таанылып, тигил же бул тармактын ишин алга жылдырып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар экенине эч шегим жок", - деп мамлекет башчысы айтып өттү.

Президент Садыр Жапаров сыйлангандарды куттуктап, алар ак ниет жана жаратман эмгеги менен мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгонун белгиледи.

Сыйлык ээлеринин ысымдары шилтемеде

Пикир

Оставить комментарий