• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россия ӨКМи Кыргызстанга тик учак жана өрт өчүрүүчү техника берет

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техника түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында, министр Россиянын ӨКМ башчысы Евгений Зиничев менен жолуккан.

«Жолугушууда эки маселени көтөрдүк. Биринчиси, биздин курсанттарды Россияда окутуу жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу. Учурда биздин 40тай курсантыбыз Россияда окуп жатат. Биз аларды толугу менен бекер же жеңилдетилген системага өткөрүүнү сурандык. Зиничев бул маселени колдоп, тиешелүү тапшырмаларды берди», - деди Ажикеев.

Ошондой эле министр кошумчалагандай, экинчи маселе - бул Россия тараптан кайтарамсыз негизде берилчү 20 миң долларлык гумжардам болду.

«Анын алкагында Кыргызстанга 100 өрт өчүрүүчү техника, тик учак берилет. Россиялык кесиптешим бул маселени да колдой тургандыгын билдирип, жеке көзөмөлүнө аларын айтты», - деп кошумчалады ӨКМ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий