• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

18-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас облусунда +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын облусунда -4…+1 градусту көрсөтөт. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында +6…+8 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий