• 88.68
  • 95
  • 0.95

Күн дагы катуу ысыйт! Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 17-19-июль күндөрү өлкө аймагында ысык аба ырайы сакталып, абанын күндүзгү табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин болушу күтүлөт.

Адистер мындай кургак ысык аба ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаш керектигин эске салат. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл.

Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий