• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саясат таануучу: Курултай – эл менен бийликтин түз диалогу. Ал кантип мыйзамсыз болушу мүмкүн?

Коом 0

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов “Кабар” агенттигине айрым депутаттардын Элдик курултай мыйзамсыз болушу мүмкүн деген билдирүүлөрүнө комментарий берип жатып, коом бир орунда турбай, ар дайым алдыга жылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, курултай Кыргызстандын бардык Конституциясында болуп келген, бирок ишке ашкан эмес.

“Акаевдин убагында деле бүгүнкү күндө күчүндө турган жобо болгон. Бул жер-жерлерде курултайларды өткөрүү. Бирок анын тушунда курултай өткөн жок. Курултай өткөрүү аракети Бакиевдин убагында да болуп, макулдуктун курултайын өткөрөбүз дешкен. Бирок курултай элдик болуунун ордуна, “дежур” делегаттарга толуп, түп-тамырынан бери айырмаланып турган. Арадан 30 жыл өткөн соң, азыр Элдик курултай өткөрүү алдында турабыз, анда бардык делегаттар ачык-айкын тандалып, күн тартиби актуалдуу болуп турат”, - деди ал.

Саясат таануучу депутаттар өздөрү курултайды толугу менен түшүнө албай жатканын маалымдады.

Алар курултай жөнүндөгү мыйзамга тынымсыз бут тосуп жатканын эске алсак, өздөрү курултайдын маңызын чындап эле билбейт деген ой жаралат. Өз кезегинде курултай – бул эл менен бийликтин түз диалогу. Эл бийликтин аткарып жаткан иштери боюнча отчетун түз угушу керек. Бул процесстин маанилүүлүгүн түшүнгөн президент өз укугунан пайдаланып курултайдын датасын белгиледи. Ага катышып, өз оюн айтууну каалагандар көп. Коом менен бийликтин мындай ачык диалогу бийликтин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн эффективдүү куралы болуп, бизди ар кандай саясий толкундоолордон сактап калат деп ишенем”, - дейт Бактыгулов.

Бактыгулов депутат Адахан Мадумаров парламентте өз оюн айтканын белгилеп, башка эл өкүлдөрүнүн пикири дагы бар экенин айтат.

Мадумаров өз оюн айтып жатат. Бирок парламентте, тескерисинче, курултай өткөрүүнү колдогон депутаттар көп. Ошондой эле элдин өзү да оң маанайда”, - деп жыйынтыктады ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров курултай тууралуу мыйзам кабыл алынбагандыктан, курултайды чакыруу мыйзамсыз экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий