• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт сыноо лабораториясы ачылды

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрь күнү Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт сыноо лабораториясынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, министрликтин өздүк курамы катышты.

Лаборатория аткара турган иштер:

- заттардын жана материалдар күйүүчүлүк тобун аныктоо (курулуш жана жасалгалоочу материалдары, оюнчуктар, эмеректердин ж.б.);

- заттардын жана материалдардын күйүүсүнөн чыккан уулуу заттардын көрсөткүчүн аныктоо (курулуш жана жасалгалоочу материалдары, оюнчуктар, эмерек жана башка ушул сыяктуу буюмдар);

- өрт чыгуу коркунучу бар заттар жана материалдардын көрсөткүчтөрүн аныктоо;

- өрт коопсуздугу боюнча курулуш, текстилдик жана булгаары материалдарын классификациялоо;

- өрттү өчүрүүчү заттардын, материалдардын, техниканын жана жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрүн ж.б. аныктоо.

Өрт сыноо лабораториясын түзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 10 млн сом кеткен. Ал каражат жабдуу, эмеректерди алуу, кызматтык бөлмөлөрдү оңдоо жана 5 адисти окутуу үчүн сарпталган.

Өрт сыноо лабораториясын жетекчиси подполковник Ирина Ящинанын айтымында, лабораторияны жабдуу боюнча иштер аяктады. Кийинки жылы лабораторияны аккредитациялоо иштери жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий