• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна Казакстандан жеке учактар ​​келди деген маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова.

Анын айтымында, ушул убакка чейин Казакстандан Бишкекке учак конуу үчүн өтүнүч же кайрылуу болгон эмес.

"Бугун гана Алматыдан бош Tez Jet учагы келди, ал буга чейин Ош-Алматы багытында чартердик каттам аткарган. Үзгүлтүксүз каттамдар тууралуу «Эйр Астана» авиакомпаниясынын бүгүнкү Алматы - Бишкек - Алматы каттамы токтотулган", - деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандын экс-президентинин күйөө баласы Нурсултан Назарбаевдин жеке учагы Бишкекке учуп келгени тууралуу маалымат тараган.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн эртең менен өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди.

ЖМКлардын маалыматына караганда, митингчилер Алматыдагы президенттин резиденциясын жана аэропортту басып алышкан.

Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Мангистау облусунда өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилди. Карапайым калк менен коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу уланууда.

Пикир

Оставить комментарий