• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги троллейбустар санитардык тазалоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери жана “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын медициналык кызматкерлери “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” аймагын толугу менен дезинфекциялады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бардык кеңселер, коридорлор, башкаруу бөлмөлөрү жана троллейбус салондору атайын аралашма менен тазаланды.

"Мындай каражат барын дезинфекциялайт жана бактериялардын бардык түрлөрүнө каршы аракеттенет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, иш-чара аталган кызматтын кызматкерлери менен айдоочуларынын арасында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган. Акыркы күндөрү күчөтүлгөн режимге байланыштуу троллейбустарда жүргүнчүлөрдүн саны кескин көбөйдү.

Эскерте кетсек, Бишкек троллейбустарынын иши тууралу 0500933191 номерине байланышсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий