• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР Туризм департаменти «Орел и Решка» берүүсүнүн тартуу тобуна жардам көрсөтүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. КР экономика жана финансы министрлигине караштуу туризм департаменти Кыргызстанда «Орел и Решка» берүүсүнүн тартуу тобуна жардам берүүгө даяр. Бул туралуу Туризм департаментинин өнүктүрүү жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Санжар Боркеев билдирди.

Анын айтымында, «Орел и Решка» шоу берүүсүнүн уюштуруучулары КРнын Украинадагы элчилигине кайрылып, Кыргызстанга барууга даярданып жатышканы тууралуу расмий билдиришкен. “Туризм департаменти аталган сунушту карап көрүп, оң жооп беришкен, анткени аталган программа мурдагы советтер союзуна кирген өлкөлөрдө өтө популярдуу жана Туризм департаменти Кыргызстандын туристтик ассоциациялар менен бирге уюштуруу иштерине, андан ары республиканын аймагын тасмага тартуу иштерине жардам берүүгө даяр. КР Тышкы иштер министрлиги дагы колдоо көрсөтүүгө даяр”,-деген ал аталган шоу программанын тартуу иштери өткөн жылдагы пандемияга байланыштуу быйылкы жылга жылдырылганын кошумчалады.

Маселе оң жагына чечилсе Туризм департаменти кандай кооз жерлерди көрсөтөт деген суроого Санжар Боркеев журналисттерди жана тартуу үчүн аппаратарды каттоо маселеси чечилгенден кийин департамент болжолдуу программаны иштеп чыгып, «Орел и Решка» берүүсүнүн продюссерлери менен макулдашат, эгер кандайдыр бир зарылчылыктар болсо тараптар биргелешип аягына чыгарат деп жооп берди.

Өз кезегинде КР Тышкы иштер министрлиги “Кабар” агенттигине журналисттерди каттоо маселеси каралып жатканын билдирди. “Билдирүү келип түштү, биз аны карап жатабыз”,-деп белгиледи ТИМден.

Эскерте кетсек, кечээ «Орел и Решка» программасынын расмий баракчасында саякаттоо тууралуу популярдуу шоу Кыргызстанга келери жана Ош шаарын тарта турганы жөнүндө билдирүү жарыяланган. Кийин аталган билдирүү өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий