• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Президент 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жолдошалиев Мидин Турдумаматович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий