• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Аба ырайы: Бишкекте +11, Ошто +14 градус жылуу болот

Коом 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Эртең, 4-мартта түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Күндүз тоо этектерине кар түшөт, айрым аймактарда кыска мөөнөттүү жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, күндүз тоолорго жакын жерлерде 20 метрге чейин жетет.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +6...+11;

Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +6...+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8;

Нарын обулсунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...+4;

Бишкекте күндүз бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -1…+1° суук, күндүзгү жогорку температурасы +9…+11°.

Пикир

Оставить комментарий