• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Бир күндө 127 кылмыш жана 103 жорук катталды

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, республика боюнча 2020-жылдын 15-ноябрдан 16-ноябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 127 кылмыш, 103 жорук каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.

Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий