• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэри борбордун кичирайондорундагы курулуш иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 6 жана 7-кичи райондордогу курулуш иштери менен таанышты

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мэр шаардыктардын өтүнүчү менен борбордун 6 жана 7-кичирайондорунда көчмө жыйындарды өткөргөн.

"6-кичирайондо "Эдельвейс" курулуш фирмасы жаңы имарат курууга котлованды даярдады. Бирок, жергиликтүү тургундардын ою боюнча аткарылып жаткан иштер мыйзамсыз. Буга байланыштуу муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жетекчисине курулуш иштеринин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылган. Өз кезегинде, 7-кичирайондун тургундары мэрге "жалпы пайдалануудагы жерде" уюштурулган курулушка карата нааразы экенин билдиришкен. Жолугушуунун жүрүшүндө шаардыктар муниципалдык кызматтардын жооптуу кызматкерлери ушул аракеттердин мыйзамдуулугун кароо боюнча өтүнүч берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендигин айтышты", - деп айтылат маалыматта.

Шаар башчысы өз кезегинде, процесстин уланышына жана мыйзамдуулугуна байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Муну менен катар мэр бул маселе КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинен чыкпаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн караларын белгиледи.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Айбек Жунушалиев бардык соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин бардык курулуш иштерин токтотууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий