• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Алты айда 753 баңги кылмышы аныкталып, 5 тоннадан ашык баңгизат алынды

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2023-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйынга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин катышты.

Алсак, 2023-жылдын 6 айында ички иштер органдары тарабынан 753 баңги кылмышы аныкталып, 5 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Отчеттук мезгилде баңгичиликтин алдын алуу багытында 180ден ашык иш-чара өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кызматтын жетекчилиги синтетикалык баңги каражаттарынын контрабандасына бөгөт коюу, ошондой эле дары-дармектерди даярдоочу дары лабораторияларын жана компоненттерин аныктоо жана жоюу иштерин күчөтүү боюнча бир катар милдеттерди койду.

Ишти начар уюштургандыгы үчүн бир нече облустук башкармалыктын жетекчилери жана кызматтын бир катар кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Пикир

Оставить комментарий