• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында балдар үчүн жайкы лагерлер ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Ош шаарында балдар үчүн бир катар жайкы лагерлер ачылды.

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын интеллектуалдык-инновациялык борборунда, Т.Сатылганов атындагы сейил багы, “Сулайман-Тоо” музейи, шаардын спорттук аянтчаларында жана “Дельфин” бассейининде 13-15 жаштагы беш жүз балага ылайык жайкы лагерь жана ийримдер уюштурулууда.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, уюштуруучулар тарабынан жайкы каникулда балдардын убактыларын пайдалуу өткөрүү максатында кызыктуу программалар даярдалган.

Анын алкагында балдар эс алуу учурунда маданий иш-чараларга катышып, ар кандай чеберчиликтер боюнча ийримдерде сабак өтүшөт. Ошондой эле балдар спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерге жана башка көптөгөн кызыктуу оюндарга катышышат.

Белгилеп айтканда, балдар стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, футбол оюндарын ойношуп, кинотеатрга, зоопаркка, бассейнге, сейил бакка барышып көңүл ачышат. Мындан сырткары, ар кандай кызыктуу жана пайдалуу темадагы тренингтерге катышып, жөндөмүн арттыра алышат.

Учурда балдардын 2-агымы эс алууда. Балдар 11 топко (ар биринде 45 бала) бөлүнүп, беш күн бою эс алышат. Лагерге кабыл алуу 25-августка чейин уланат. Сурап билүү үчүн: +996 771 010 398.

Пикир

Оставить комментарий