• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Ош динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Төрөбаев айланып өтүүчү автомагистралдарды курууга чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарлары динамикалуу түрдө өнүгүп жатат. Эгерде азыртадан транспорттук түйүндөрдү, альтернативалык жана айланып өтүүчү автомагистралдарды долбоорлоо жана куруу менен алектенбесек, бул шаарлардагы тыгындар маселеси кадимки көрүнүшкө айланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча коллегиясына катышып жатып билдирди.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү - министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири.

«Биздин өлкө ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуулардын олуттуу бөлүгү автомобиль транспорту аркылуу ишке ашырылат. Бул жагдайды эске алуу менен биздин алдыбызда жолдордун сапатын, жол инфраструктурасын тынымсыз жакшыртуу жана жол тармагын кеңейтүү милдети турат. Көптөгөн калктуу конуштары бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын жерлерде жайгашкан Баткен облусунун жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ошондой эле Транспорт жана коммуникация министрлигинин борбордук аппаратынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин көңүлүн жаңы транспорттук айрылыштарды жана жолдорду долбоорлоо жана куруу жаатында Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен тыгыз аракеттенүү зарылдыгына бурду.

«Бишкек жана Ош шаарлары динамикалуу түрдө өнүгүп жатат. Жыл өткөн сайын бул жерде жашоочулардын да, катталган унаалардын да саны көбөйүүдө. Эгерде биз азыртадан транспорттук түйүндөрдү, альтернативалык жана айланып өтүүчү автомагистралдарды долбоорлоо жана куруу менен алектенбесек, бул шаарлардагы тыгындар маселеси кадимки көрүнүшкө айланат. Ыш көйгөйүн жана урбанисттердин жана экологдордун пикирин эске алуу менен бул маселеге кылдаттык менен мамиле кылуу зарыл», - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жана министрлер кабинетинин 2022-жылга антикризистик иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат каралды.

Мындан тышкары, жарандык авиациянын, темир жол тармагынын абалы жана аны өнүктүрүү, “Түндүк-Түштүк” автожолун куруу, “Бишкек-Кара-Балта” жана “Бишкек-Нарын-Торугарт” автожолдорун реконструкциялоо (272-365-чакырымга чейин), жол тейлөө ишканаларынын техникалык базасын модернизациялоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий