• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сомдун 30 жылдыгына карата окуучулар жана студенттер арасында сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата окуучулар жана студенттер арасында "Сом – Кыргызстандын жүзү" республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, сынак КР Улуттук банкы тарабынан өткөрүлөт, муну менен катар каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү үчүн нумизматикалык көргөзмөлөр өтүүдө.

"7-11 жаштагы катышуучулар “эң мыкты сүрөт/ кол өнөрчүлүк”, 12-15 жаштагылар – “эң мыкты эссе”, 16-20 жаштагылар – “мыкты видеоролик / репортаж” номинациялары боюнча сынакка катыша алышат", - деп айтылат маалыматта.

Сынак эмгектеринин темалары:

- "Сом – Кыргызстандын жүзү" / "Сом – лицо Кыргызстана".

- "Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр" / "Планируй свои деньги, позаботься о своем будущем".

- "Кыялдар канат байлаганда" / "Когда мечты становятся возможностью".

"Эң мыкты сүрөт/ кол өнөрчүлүк" номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-апрели саат 17:00го чейин, "эң мыкты эссе", номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-октябры саат 17:00го чейин, "мыкты видеоролик / репортаж" номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-ноябры саат 17:00го чейин кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий