• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 35,4 миң адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 35 миң 418 адамга жетти. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазып чыкты.

Кырсыктан жүз миңдеген жаран жабыркады. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган урандылар астындагы адамдардын баары табылмайынча куткаруу-издөө иштери жүргүзүлө турганын баса белгиледи.

Түркиянын бийлиги кийинки айдан баштап жабыркагандар үчүн 30 миң үйдүн курулушун баштайт.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий