• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдөгү эң кары адам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Дүйнөдөгү эң кары адам деп табылган япониялык Читетсу Ватанабе көз жумду. Ал 112 жашта болгон. Бул тууралуу Киодо агенттиги жазат.

Маалыматка ылайык, Читетсу Ватанабе Япониянын Ниигата аймагындагы карылар үйүндө жашаган, ал 1907-жылдын 5-мартында жарык дүйнөгө келип, 2020-жылдын 23-февралында көз жумган.

Белгилей кетсек, 12-февралда Читетсу Ватанабе Гиннес китебине "дүйнөнүн эң улгайган эркек кишиси" деп кабыл алынган.

Ватанабенин беш баласы бар.

2019-жылы Япониянын Хоккайдо аймагында 113 жашында дүйнөдөн кайтыш болгон Масазо Нонакадан кийин Ватанабе дүйнөнүн эң улгайган эркек кишиси наамына ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий